Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 76

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматта иштеген жарандар айлык алуу үчүн алгач электр энергиясы, газ жана суу үчүн карызы жок экендиги тууралуу маалымкат көрсөтүүгө мажбур болуп жатышат.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

 

«Лебап облусунда электр энергиясы, газ жана коммуналдык кызматтар үчүн карызы жок экенин ырастаган маалымкат көрсөтпөгөн бюджет кызматкерлерине июль жана август айларынын маянасы берилбей турганы айтылды», — деп билдирди басылманын аймактык кабарчысы.

 

Анын айтымында, ошол эле маалда талап кылынган маалымкаттарды алуу узак убакытты талап кылып, жашоочуларга бир топ кыйынчылыктарды жаратууда.

 

«Маалымкаттарды алуу үчүн кеминде бир ай убакыт талап кылынат. Кезек күткөндөр өтө көп. Ошондуктан электр энергиясы үчүн акча төлөгөндөн тышкары тиешелүү кагаз алууга кошумча 50 манаттан (расмий курс боюнча 14 доллар) берүүгө туура келип жатат», — деп билдирди ал.

 

Буга чейин Түркмөнстандын башка аймактарында дагы жарандардан батир үчүн карызы жоктугу тууралуу маалымкаттар талап кылынып жатканы кабарланган. Анда айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай аракетин прокуратуранын талабы менен түшүндүрүшкөн.