Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 127

Кабулдун борборундагы жардыруудан кеминде 40 киши өлүп, 65и жарадар болду.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы алды.

 

Ооган бийлигинин маалыматына караганда, калаа борборунда дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин жоочулар имараттарды аткылай башташкан. Коопсуздук күчтөрү ал жерди дароо курчоого алышкан. Кол салуу Кабулдун дипломатиялык аймагында болгон.

 

The New York Times гезитинин өз булактары билдиргендей, өлгөндөрдүн арасында алты аскер кызматкери бар. “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү жоочулар Ооганстан Коргоо министрлигинин имаратын бутага алышканын кабарлашты.
 

Орусияда ар кандай мыйзам бузуулардан улам "кара тизмеге" кирип калган кыргызстандыктарга берилген миграциялык мунапыстын оош-кыйыштары тууралуу "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында сөз болот.