Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 85

АКШ WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжга 17 пункт боюнча кошумча айып такты. Ал жашыруун маалыматтарды мыйзамсыз жарыялаган жана компьютердик түйүндү бузуп кирүү үчүн кутумга барган деп айыпталууда.

 

Буга чейин Вашингтон Ассанжды Пентагондун компьютердик түйүнүн бузуп кирүү аракети үчүн гана соттогону жаткан. Бул кылмыш үчүн ал эң көп дегенде беш жылдык мөөнөткө соттолмок.

 

 

Ассанж 2012-жылы Стокгольмго экстрадициялануудан качып, Эквадордун Лондондогу элчилигинде убактылуу башпаанек тапкан. Швецияда ал зордуктоо беренеси менен айыпталууда. Быйыл апрелде эквадор бийлиги ага баш калка берүүдөн баш тарткан соң британ полициясы тарабынан камакка алынган.

 

Учурда Ассанж күрөө менен бошотуу шарттарын бузгандыгы үчүн Улуу Британия түрмөсүндө 50 жумалык камакта жатат. Мындан тышкары сот аны АКШга өткөрүп берүү жолдорун карап жатат. Ал ортодо Швеция дагы Ассанжды экстрадициялоону талап кылуу ниети бар экенин билдирди.

 

Ассанж дайыма Кошмо Штаттарга экстрадициялануудан кооптонуп жатканын айтып, ал жакта ага карата олуттуу айыптар тагылышы мүмкүндүгүн билдирип келген.

 

WikiLeaks сайты Швециядагы кылмыш ишинин калыбына келтирилишин «саясий басымдын» жыйынтыгы деп эсептөөдө.

 

"КАБАР"