Өткөн жумада Москвада уурдалган Тажикстандын жараны Дилшод Сатторов Орусия баш калаасынын Люберецкий райондук сотунун чечими менен эки айга камалды.
Бул тууралуу 23-апрелде анын иниси Мухаммадшариф Сатторов билдирди.
«Кечээ агамды сот залынан көрүп калдым. Аны күчтөп автоунаага салып кеткен адамдар Орусия ФСБсынын кызматкерлери экен. Сотто анын шектүү адамдар менен байланышы тууралуу жаңы дадилдер жана күбөлөр бар экенин айтышты. Алар агамды Сирияда көрүшкөнүн билдиришиптир. Дильшод мунун баары жалган жана ушак экенин айтканына карабастан, сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды», — деди ал.
Өткөн жумада Москвадагы тергөө абактардын биринин алдында Тажикстандын жараны уурдалганы кабарланган. Белгисиз адамдар 45 жаштагы Дилшод Сатторовду күчтөп автоунаага салып кетишкен.
«Окуя ал тергөө абагынан чыккандан 15 мүнөт өткөндөн кийин болду. Жарандык кийимчен белгисиз төрт адам аны туугандарынын көзүнчө автоунаага күчтөп салып, белгисиз тарапты көздөй алып кетишти. Учурда агамдын кайсыл жерде экени белгисиз», — деп билдирген анда Дилшоддун иниси Мухаммадшариф Сатторов.
Анын айтымында, бир жыл мурда агасы Сириядагы согушка катышкан деген шек менен кармалып, тергөө абагына камалган. «Былтыр Тажикстандын Башкы прокуратурасы Москвага кайрылып, Дилшодду камакка алууну өтүнгөн. Тажикстанда агамды жалданмачылык беренеси менен айыптап жатышат. Бир жылдан кийин ал бошотулары менен уурдап кетишти», — деген ал.
«Бийлик Дилшод жарым жыл «Ислам мамлекетинин» Сириядагы машыгуу базасында жүргөн деп айтып жатат. Бул жалган. Агам эч качан Сирияга барган эмес. Биз жергиликтүү базарда иштечүбүз. Аялы экөө товар алып келүү үчүн Түркияга эки-үч күнгө гана барып келишкен. Аялы Орусиянын жараны, алардын алты баласы бар», — деген Мухаммадшариф.