Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 143

Ашхабадда тооктун жумурткасы кайрадан тартыш болууда. Мамлекеттик дүкөндөр жумуртканы чектелген өлчөмдө жана эртең менен гана сатышууда.

Ал үчүн кезекке тургандар арбын.

 

"Алар бат эле түгөнүп калып жатат. Адатта 4 мантка 12 даана жумуртка беришчү. Бирок соңку күндөрү 11 даанасын 5 манатка сата башташты ", – деди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы. Анын айтымында, жеке дүкөндөрдө жумуртканы чектөөсүз, бирок жогорку баада – он даанасын 7-8 манатка сатып алууга болот.

 

Түркмөнстандын Борбордук банкынын курсу боюнча 3,5 манат - 1 долларды түзөт.

 

Жумурткага болгон таңсыктык былтыр декабрда башталган.

 

Түркмөн бийлиги өлкөдөгү азык-түлүк тартыштыгын мойнуна албай келет. Атүгүл жумурткаларды тышка экспорттоп жатканын айтышууда. Өкмөттүк басылмалар билдиргендей, Түркмөнстан 2018-жылы 80 миллион даана тоок жумурткасын башка өлкөлөргө жөнөткөн.

 

Түркмөнстандын Соода министрлиги 2018-жылдын декабрь айында запаста дагы 2 миллион даана жумуртка бар экенин кабарлаган.

 

Учурда бул өлкөдө нан, ун тартыш болуп, азык-түлүк дүкөндөрүндө узун кезектер жаралууда.