Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 185

Дүйшөбү күнү Якутск шаарынын тургундары «борбор азиялык мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктаган» окуядан кийин жыйынга чогулушту.

 

Акцияга үч миңден ашуун киши катышты, алардын арасында Якутия башчысы Айсен Николаев, Якутск шаарынын мэри мэр Сардана Авксентьева жана башка жогорку кызматтагы чиновниктер бар.

 

Николаев чогулгандарды биригүүгө жана сотсуз жазалоо иштерин жүргүзбөөгө үндөдү. Ал мыйзамсыз жүргөн мигранттар менен күрөшүүнү убада кылды. “Эгер зарыл болсо, эмгек мигранттарына карата чектөө жана тыюу салуу чараларын колдонобуз”, – деди Николаев.


Авксентьева мигранттарды тартипке салуу керектигин айтты. Кийинчерээк ал Фейсбуктагы баракчасына мыйзамсыз мигранттар иштеген ишканаларды текшерүү боюнча чечими чогулгандар тарабынан колдоо тапканын жазды.

 

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, жекшембинин таңында белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү адам «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

 

Митингден кийин укук коргоо органдары Якутсктагы мечитти кайтарууга алышты. Автобус айдаган мигрантка жети киши кол салды.

 

Полиция зордуктоого шектелген кишини кармады. Ал күнөөсүн мойнуна алды. Кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам дагы кармалды.

 

18-мартта Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева такси кызматтары, коомдук тамактануу жайлары жана соода түйүндөрү пландан тышкары текшерилерин жарыялады. Мэр жакынкы чет өлкөдөн келген жарандардын документтерин текшерүүнү тапшырды.