Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 98

«Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси 13-ноябрдан тарта ырчы Шахло Ахмедованын чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салды.

 

«Өзбекконцерт» мамлекеттик мекемеси 13-ноябрдан тарта ырчы Шахло Ахмедованын чыгармачылык ишмердүүлүк менен алектенүүсүнө тыюу салды. Буга ырчынын «уяттуу» клиби себеп болгон.

 

Мекеменин басма сөз кызматы ырчынын «Жаз жамгыры» деп аталган ырына тартылган клипте кыз менен жигиттин ортосундагы улуттук менталитетке жана жалпы элдик баалуулуктарга туура келбеген мамилелер көрсөтүлгөнүн билдирди.

 

«Өзбекконцерт» мекемесинин бир канча жолку эскертүүсүнө карабастан, учурда ырчынын клиби дале болсо социалдык түйүндөрдө жайылууда.

 

Шахло Ахмедованын бул клиби өзбек телеканалдарында бир дагы жолу көрсөтүлгөн жок. Ал YouTube порталына 8-ноябрда жайгаштырылган. Бүгүнкү күнгө карата клипти анда 185 киши көргөн.


24 жаштагы ырчы Шахло Ахмедова Өзбекстандын Сурхандарья облусунда туулган. 2013-жылы Zo‘r-zo‘r Star деп аталган музыкалык теледолбоордо экинчи орун алган.

 

Өзбекстанда бир жылдык мөөнөткө бериле турган атайын лицензиясы бар ырчылар гана чыгармачылык менен алектене алышат.