Фергана облусунун Бешарык районунда кароосуз калтырылган 9 жаштагы бала автоунаа менен кошо күйүп кетти. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, бала машиненин ичиндеги 5 литр бензинди төгүп, андан соң ширеңке чаккан.

Окуя 11-июнь күнү кечинде Фергана облусундагы Бекабад айылында болгон.
Маалыматка караганда, өрт атасы 9 жаштагы уулун унаанын ичине калтырып, өзү өрүк тергени кеткен маалда чыккан.
«ВАЗ-2102» унаасынын ичиндеги бала канистрдагы 5 литр бензинди төгүп, андан соң ширеңке чаккан. Ал ошол жерде каза болду. Учурда бул окуя боюнча прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатат», — деп билдирди Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери.
Күбөлөрдүн биринин айтымында, адамдар күйүп жаткан унаага өрт өчүрүүчүлөрдөн мурун барышкан. Бирок анын эшиги бек болгондуктан, баланы куткара алышкан эмес.