Сирияда АКШ башында турган эл аралык коалиция өкмөттүк күчтөргө таандык учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Америка командачылыгынын билдирүүсүндө дрон коалициянын аскерлерине чабуул коюу ниети байкалгандан кийин атып түшүрүлгөнү айтылат.
Окуя 8-июнда ушуга окшогон өкмөттүк күчтөрдүн учкучсуз аппараты атылып түшүрүлгөн аймактын айланасында болду. Анда дрон коалиция күчтөрүнүн гарнизонуна жакын жерге бомба таштоого үлгүргөн.