Бишкек, “Саясат.kg”. Европа рекорддук ысыктын кесепеттери менен күрөшүүнү улантууда.
Европанын Copernicus климаттык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын июнь айы Батыш Европа үчүн байкоолор тарыхындагы эң ысык ай болуп калды.
Франция, Испания, Италия, Германия жана Бенилюкс өлкөлөрүндө абанын температурасы көп жылдык орточо көрсөткүчтөн кыйла жогору болду.
Катуу ысык курулуш жана айыл чарба тармактарында эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, электр энергиясын керектөөнүн кескин өсүшүнө, транспорттун ишинде үзгүлтүктөргө жана саламаттык сактоо тармагындагы чыгымдардын көбөйүшүнө алып келди. Айрым өлкөлөрдө мектептер убактылуу жабылып, ачык абада иштөөгө чектөөлөр киргизилди. Ошондой эле суунун деңгээлинин төмөндөшү гидроэлектростанциялардын жана дарыя транспортуна терс таасирин тийгизди.
Экономисттер мындай аба ырайынын аномалиялары мындан ары дагы көбөйөрүн жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу үчүн миллиарддаган инвестициялар талап кылынарын белгилешүүдө.