Бишкек, “Саясат.kg”. Адистер 2026-жылдын экинчи жарымында Эль-Ниньо кубулушу күч алышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Дүйнөлүк метеорологиялык кызматтар жана климат боюнча адистер 2026-жылдын экинчи жарымында Эль-Ниньо кубулушу күч алышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
Адистердин баамында, анын пайда болуу ыктымалдыгы 80 пайыздан жогору. Глобалдык жылуулануунун шартында бул абал дүйнөнүн бир катар аймактарында абанын температурасынын жаңы рекорддоруна, кургакчылыкка, токой өрттөрүнө жана айыл чарбасындагы олуттуу жоготууларга алып келиши мүмкүн.
Окумуштуулардын айтымында, Эль-Ниньонун таасири Тынч океан аймагынан тышкары Европада, Азияда, Түндүк жана Түштүк Америкада да сезилет. Эксперттер жакынкы айларда дүйнөлүк экономика, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу олуттуу сыноого туш болушу мүмкүн экенин белгилешет.