Бишкек, "Саясат..KG". Бул тууралуу Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдирди
Венесуэланын Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес жер титирөөлөрдүн кесепетинен 188 адам каза болгонун билдирди. Жабыркагандардын саны 1520 адамга жетти.
Родригес мырзанын айтымында, 200дөн ашык адам дагы деле ураган имараттардын астында калууда, ал эми 157 адам дарек-дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Талкалоочу жер астындагы силкинүүлөрдөн жалпысынан 2927 үй-бүлө жабыркады.
Мындан сырткары, Венесуэланын бийлиги өлкөнүн инфраструктурасына жана медициналык мекемелерине келтирилген зыяндар тууралуу кабарлады. Алдын ала маалыматтар боюнча, кеминде 250 имарат жарым-жартылай жабыркаган же толугу менен талкаланган.
25-июнда Венесуэлада акыркы 100 жылдагы эң ири, магнитудасы 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Табигый кырсыктын эң катуу соккусу жээктеги Ла-Гуайра штатына тийип, ал жердеги Карабальеда жана Плайя-Гранде шаарлары оор абалда калды. Учурда кырсык болгон жерлерде куткаруу кызматтары иштеп жатат.