Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 134

Пентагон Россиянын жообунан кооптонуп Германияга Tomahawk жеткирүүдөн баш тартышы күтүлүүдө.

Бул тууралуу Politico европалык жана америкалык аткаминерлерге таянып жазганын РИА Новости кабарлады.

"Пентагон Германияга Tomahawk ракеталарын берүү ниетинен баш тартчудай. Аткаминерлер эгер ракета жөнөтүлсө Россия муну абалды курчутуу катары кабыл алышы ыктымал деп жүрөксүп жатышат", — деп жазылат макалада.

Маалымат бергендердин айтымында, Россиянын жообунан да кооптонуу күч. Бул АКШнын Иран менен тирешүүсүнөн улам ракеталык арсеналынын азайышына байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондой эле быйыл жазында АКШ Германияга 5 миң аскер жөнөтүүдөн баш тартканы белгиленген.

Басылма Берлин АКШнын Европадагы аскер күчү азайып, мындан улам ЕБ коргонуу жаатындагы боштукту тез арада толтурууга аргасыз болушу мүмкүн экендигине санаа тартып жатканын жазды.

Пентагондун расмий өкүлү Шон Парнелл 2-май күнү РИА Новостиге АКШ Германиядан 5 миң аскерин чыгарып кетүүнү көздөп жатканын тастыктаган. Үч жумадан кийин президент Дональд Трамп Польшага кошумча 5 миң аскер жөнөтөрүн жар салды.

Эскерте кетсек, мартта New York Times гезити Иран менен жаңжалдашкандан бери АКШ Tomahawk ракетасынын он жылдык нормасын чыгарып, эки жылда өндүрүлө турган Patriot системасына керектелүүчү ракеталарды пайдаланып, запасты түгөткөнүн жазган.

Спутник