Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 102

Зеленский айрыкча ракетага каршы коргонуу системалары үчүн ок-дары жетишпей, Рatriot абадан коргонуу системалары үчүн PAC-3 ракеталары жок болуп жатканын айткан.

Владимир Зеленский ок-дарынын тартыштыгы күчөп жаткандыктан, абадан коргонуу комплекстерин жана алар үчүн ракеталардын санын көбөйтүүнү сурап Дональд Трампка кат жазганын Kyiv Independent кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, Зеленский айрыкча ракетага каршы коргонуу системалары үчүн ок-дары жетишпей, Рatriot абадан коргонуу системалары үчүн PAC-3 ракеталары жок болуп жатканын айткан. Ошондой эле Украинага өтө зарыл болгон курал-жарак жана аскердик жабдуулар да аз көлөмдө экенин белгилеген.

Украинанын АКШдагы элчиси Ольга Стефанишина каттын көчүрмөлөрүн Ак үйдүн расмийлерине, Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон менен Конгресстин башка мүчөлөрүнө да тапшырганы айтылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Трамп АКШ Украинага курал-жаракты түз бербей турганын билдирген. Алгач НАТОго сатып, андан кийин гана уюм мүчөлөрү техниканы Киевге өз алдынча жөнөтүүдө. Россия Украинага курал-жарак жөнөтүү абалды жөнгө салууну татаалдаштырып, НАТОну жаңжалга аралаштырып жатканын бир нече ирет эскерткен.
 

Спутник