Трамп Би-Би-Сини жалган маалымат жайылтууга айыптап, сотко кайрылды
АКШнын президенти Дональд Трамп Британиянын «BBC» телерадиокомпаниясын сотко берип, кеминде 5 млрд доллар өлчөмүндө компенсация талап кылды.
Доомат Флорида штатынын Түштүк округдук сотуна берилди. Трамптын айтымында, «BBC» анын сөздөрүнүн айрым бөлүктөрүн атайын бурмалаган. Ал муну аброюна шек келтирүү деп эсептейт.
Доомат «BBC′нин» «Panorama» берүүсүнө байланыштуу. Трамп анда көрсөтүлгөн образды «жалган» деп атап, берүүнүн 2024-жылдагы президенттик шайлоого бир жума калганда чыкканын шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракети катары баалады. Буга чейин Трамп сотко кайрыла турганын билдирген. «BBC» ага кечирим сураган кат жөнөткөн, бирок акчалай компенсация төлөөдөн баш тарткан.
Булак: Баракелде