Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1920

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Эң катуу жабыркаган жети имараттын экөөнөн сөөктөрдүн басымдуу бөлүгү табылган.

 В Гонконге при пожаре в жилом комплексе погибли четыре человека - РИА  Новости, 26.11.2025В Гонконге потушили пожар, унесший жизни более 90 человек - РИА Новости,  28.11.2025

Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан ири өрттөн улам каза болгондордун саны 94кө жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Өрт өчүрүү кызматынын билдирүүсүнө ылайык, эң катуу жабыркаган жети имараттын экөөнөн сөөктөрдүн басымдуу бөлүгү табылган.

Жабыркагандардын арасында өрт өчүрүү кызматынын 11 кызматкери да бар экени белгилүү болду.

Белгилей кетсек, өрт Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан. Жалын косметикалык оңдоо иштерине орнотулган бамбук каркастар аркылуу жайылып кеткен. Комплексте 2 миңге жакын батир бар жана анда болжол менен 4 миң тургун жашачу. Өрт эң жогорку деңгээлдеги өзгөчө кырдаал катары бааланган.

Булак: 7 канал