Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда эки окуянын тең себеби такталууда
АКШнын аскердик тик учагы жана согуштук учагы пландалган тапшырмаларды аткарып жатканда Түштүк Кытай деңизинде кырсыкка учурады. Бул тууралуу ABC News агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматы боюнча, АКШнын Аскер-деңиз флотунун MH-60R Sea Hawk ВМС тик учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:45 чамасында кырсыкка учураган. Экипаждын 3 мүчөсү тең аман-эсен куткарылган.
Ошол эле күнү саат 15:15те Түштүк Кытай деңизинде кадимки операцияларды жүргүзүп жатып F/A-18 °F Super Hornet согуштук учагы да кырсыкка учураган Анда 2 экипаж мүчөсү катапультаны колдонуп, аман калган.
"Америкалык аскер кызматкерлери коопсуз жана туруктуу абалда. Учурда эки окуянын тең себеби такталууда», — деп айтылат АКШнын Тынч океан флотунун билдирүүсүндө.
Булак: Кабар