Бишкек, "САЯСАТ.KG". Кэтрин Коннолли — Ирландия тарыхында өлкөнү башкарган үчүнчү аял президент.
Ирландияда өткөн президенттик шайлоодо көз карандысыз талапкер Кэтрин Коннолли жеңишке жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, Ирландиянын учурдагы президенти Майкл Хиггинс 2011-жылдан бери мамлекет башында.
Анын экинчи жети жылдык мөөнөтү быйыл 11-ноябрда аяктайт. Ирландия парламенттик республика болгондуктан, президент негизинен өкүлчүлүк функцияларды аткарат, бирок мамлекет башчысы жана башкы башкаруучу бойдон калат.
Кэтрин Коннолли — Ирландия тарыхында өлкөнү башкарган үчүнчү аял президент. Ал үй-бүлөлүү, эки бойго жеткен уулу бар.
Булак: Кабар