Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 269

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Акыркы жолу Путин менен Алиевдин толук кандуу жолугушуусу 2023-жылдын октябрында өткөн.

Бүгүн, 9-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев Тажикстандын борбору Душанбе шаарында жолугушуп, толук форматтагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү башташты. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары кабарлашты.

Бул жолугушуу — акыркы мезгилдеги эки өлкө ортосундагы алгачкы кеңири форматтагы сүйлөшүү болуп саналат. Буга чейин, сентябрь айында, эки лидер Кытайда өткөн ШКУ саммитинде кыскача гана учурашып, маанилүү маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк болбой калган.

Акыркы жолу Путин менен Алиевдин толук кандуу жолугушуусу 2023-жылдын октябрында өткөн.

7-октябрда Азербайжан президенти Илхам Алиев Путинди 73 жаш кутман курагы менен телефон аркылуу куттуктаган. Сүйлөшүү маалында тараптар эки тараптуу кызматташтык, саясий жана экономикалык алакалардын учурдагы абалын кыскача талкуулашкан.

Владимир Путин буга чейин Орусия менен Азербайжандын ортосунда кээ бир пикир келишпестиктер болгонун моюнга алып, бирок “баары өз ордуна келет” деген ишенимин билдирген. Душанбе шаарындагы жолугушууда дал ушул маселелер кеңири каралып, жаңы келишимдерге жетишүү күтүлүүдө.

Булак: koom.press