Бишкек, "САЯСАТ.KG". АКШ курамасы катышкан Лос-Анжелестеги оюнга 560-2 735 доллар төлөш керек.
2026-жылдын 19-июлунда Нью-Джерсидеги MetLife Stadium аренасында өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалына билет баалары 2 030 доллардан 6 370 долларга чейин болот. Бул тууралуу The Athletic порталы жазды.
Чемпионаттын ачылыш беттеши 11-июнда Мехикодо өтүп, ага билет баасы 370-1 825 доллар аралыгында. Ал эми АКШ курамасы катышкан Лос-Анжелестеги оюнга 560-2 735 доллар төлөш керек.
Группалык этаптын эң арзан билети 60 доллар, чейрек финалга — 275 доллар, жарым финалга — 420 доллардан башталат.
Билеттер эки этап менен сатылууда. Биринчи этапта лотерея аркылуу 4,5 миллион адамдын ичинен жеңүүчүлөр билет сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Экинчи этап 27-октябрда башталат.
Булак: koom.press