Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 344

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Зилзала болжол менен 3,7 млн калкы бар Сулия штатына жакын жерде сезилди.

Венесуэлада күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка караганда, зилзала болжол менен 3,7 млн калкы бар Сулия штатына жакын жерде сезилди.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдиргендей, жер титирөө 244 миң тургун жашаган Валера шаарынан 68 чакырым түндүк-батышта жана 60 миң 500 жашоочусу бар Мене-Гранде муниципалитетинен 24 чакырым түндүк-чыгышта орун алды.

Жердин силкинүүсүнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Булак: Кабар