Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 358

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Израиль реакциясыз жана санкциясыз саясатын токтотпойт.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган ислам дүйнөсүн Израилге каршы катуу жана конкреттүү санкцияларды кабыл алууга үндөдү. Бул тууралуу ал 15-сентябрда Катардагы Доха шаарында өткөн Ислам кызматташтык уюму менен Араб мамлекеттеринин лигасынын биргелешкен саммитинде билдирди.

Эрдоган айрым мамлекеттердин Палестинаны расмий таануу ниетин кубаттай турганын белгилеп, бирок мындай кадамдар Израилге каршы күчтүү чаралар менен коштолмосо, ал басып алуу саясатын уланта берерин баса белгиледи.

"Израиль реакциясыз жана санкциясыз саясатын токтотпойт. Биз буга 1,5 жыл мурда жооп берип, Израиль менен болгон бардык соода операцияларын токтоттук. Түркия жылына 9,5 миллиард доллардан баш тартты", — деди Эрдоган.

Мындан сырткары, Түркиянын лидери региондогу туруксуздукту күчөтүүгө каршы биргелешкен аракеттерди көрүүгө жана Израилге экономикалык басым жасоого чакырды.

Эскерте кетсек, Түркия акыркы айларда Израилге карата позициясын катуулатып, бир нече жолу эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги кыргынга көңүл бурууга үндөгөн.

Булак: koom.press