Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 539

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Германия жана союздаштары жалпы наркы 500 миллион долларга жеткен алгачкы ири аскердик жардам пакетин каржылоого даяр.

Германия союздаштары менен биргеликте НАТОнун “Украинанын артыкчылыктуу муктаждыктар тизмеси” (PURL) алкагында 500 миллион долларлык аскердик жардам пакетин каржылоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, Германия жана союздаштары жалпы наркы 500 миллион долларга жеткен алгачкы ири аскердик жардам пакетин каржылоого даяр. АКШга Украинаны курал-жарак жана ок-дарылар менен камсыздаганы үчүн ыраазычылык билдирип, Германиянын бул демилгеси өлкөнүн Украинага болгон колдоосун күчөтөрү белгиленди. Өкмөт ишти НАТО жана союздаштар менен тыгыз кеңешип жатканын кошумчалады.

Булак: koom.press