Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Кечээ, 28-июлда түнү Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык штатынын түштүк-чыгышында поезд кырсыгы болуп, анын кесепетинен бир нече адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Курман болгондордун так саны азырынча тактала элек, бирок ондогон жүргүнчүлөр ар кандай деңгээлде жаракат алганы белгилүү.
Кырсык Deutsche Bahn компаниясынын аймактык поездинин 55-линиясында болгон, анын ичинде жүзгө жакын адам болгон. Поезд Ридлинген шаарына жакын жерде рельстен чыгып кетип, анын алдында бир аз мурда аймактан катуу бороон өткөн. Кырсык болгон жерге тез арада куткаруу кызматтары жөнөтүлгөн.
Окуя болгон жерде кулаган дарактар да катталып, бул аба ырайынын кесепеттеринен кабар бериши мүмкүн.
Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.
Булак: koom.press