Бишкек, "САЯСАТ.KG". Буга чейин тараптар Стамбулда эки жолу жолугушкан.
Бүгүн, 23-июлда Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. Бул тууралуу TRT Хабер жазды.
Сүйлөшүүлөрдө Орусия делегациясын президенттин кеңешчиси Владимир Мединский жетектесе, Украинанын атынан Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров катышат.
Күн тартибине төмөнкү негизги темалар чыгарылган:
- туткундарды алмашуу маселеси,
- Орусия тарабынан уурдалып кеткен украин балдарын кайтаруу,
- фронтто кан төгүүнү токтотуу жолдору.
Белгилүү болгондой, буга чейин тараптар Стамбулда эки жолу жолугушкан. Акыркы сүйлөшүү 2-июнда өтүп, анда тараптар туткундарды алмашууга байланыштуу бир катар макулдашууларга жетишкен.
Президент Владимир Зеленский буга чейин Рустем Умеровго Орусия тарап менен Түркияда жолугушуу өткөрүү тапшырмасын бергенин билдирген. Бул жолугушуу жаңжалдын дипломатиялык жол менен чечилишин көздөгөн аракеттердин бир бөлүгү катары бааланууда.
Булак: koom.press