Бишкек, "САЯСАТ.KG". Израилдин бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигин жапты.
Израиль Иранга каршы аскердик операциясын баштаганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Анда белгиленгендей, коргоо күчтөрү Тегеранга жана Натанздагы өзөктүк куралдар сакталуучу объекттерге сокку урууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, ирандык генералдар жайгашкан аймакка атылган ракеталардан көп кабаттуу үйлөрдө өрт чыгып, жабыркады.
Иран бийлиги курмандыктар бар экенин билдирип, бирок так маалымат берише элек экендиги маалыматта белгиленди.
Ал арада Израилдин бийлиги өлкөнүн аба мейкиндигин жапты.
Булак: koom.press