Бишкек, "САЯСАТ.KG". 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу КР жарандары каза болгон.
Россиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чернышевск - Чита багыты боюнча бара жаткан жеңил унаа менен жүк ташуучу унаанын кагылышуусунун натыйжасында 2003-жылы туулган П.Б. жана 2005-жылы туулган П.М. аттуу КР жарандары каза болгон.
Учурда Россиянын компетенттүү органдары тарабынан бул окуя боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсеси каза болгон жарандардын туугандары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүүдө.
Ошону менен бирге региондогу кыргыз диаспорасы менен биргеликте каза болгон жарандардын сөөктөрүн мекенине жеткирүү маселеси каралууда.