Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 722

Бир катар штаттарда да имараттар талкаланууда. 

АКШнын Миссури жана Кентукки штаттарындагы торнадо кеминде 27 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка караганда, бир катар штаттарда да имараттар талкаланууда. Лорел округундагы Лондон-Корбин аэропортунда учак оодарылып, медициналык тик учак жабыркаган. Бирок, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Бороон Сент-Луиси штатында да бир нече үйдү, анын ичинде чиркөөнү талкалап, имараттардын чатырын учуруп, бак-дарактарды кулаткан.

АКШнын климатты көзөмөлдөөчү NOAA уюмунун маалыматы боюнча, өткөн жылы АКШда торнадо кырсыктарынан 54 адам каза болгон.