Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1049

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Австралияда катуу бороондон улам 300 миңден ашуун адам жарыксыз калды.

Интерфакс маалымдагандай, Австралиянын түндүк-чыгышындагы Квинсленд штатында "Альфред" циклону 316,5 миң адамды электр энергиясыз калтырды.

Айрыкча Голд-Кост шаары жабыркап, 112 миң жашоочу жарыксыз калды.

"Альфред" Квинсленддин жээгине чейин жетти. Ал өзү менен катуу шамалды жана нөшөрлүү жаанды алып келди. Метеорологдор Брисбен, Ипсуич, Саншайн-Кост жана Жимпи шаарларында суу каптоолор болорун, шамалдын ылдамдыгы саатына 90 чакырымга жетерин айтууда.

Брисбен аэропорту жекшембиде ишин жандантты, бирок администрациясы аба ырайына байланыштуу каттамдардын учуп-конуу убактысы өзгөрүшү мүмкүн экендигин билдирди.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албаниз Квинслендде жана Түштүк Уэльсте кырдаал оор бойдон калып жатканын, жакынкы күндөрү катуу шамал болорун белгиледи.

Булак: Кабар