Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1124

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Мьянмада автобус кырсыкка учурап, 7 адам көз жумду.

Синьхуа агенттиги билдиргендей, 30 жүргүнчүсү менен бара жаткан автобус Мьянманын чыгышындагы Шан штатындагы капчыгайга кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 25 адам жаракат алган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген. Каза тапкан 7 адамдын бешөө эркек, экөө аял киши экендиги айтылды.

Полициянын алдын ала маалыматтары боюнча, автобустун айдоочусу унааны башкара албай калгандыктан, жолдон чыгып кеткен.

Булак: Кабар