Бишкек, "САЯСАТ.KG". Вируска HKU5-CoV-2 деген ат берилди
Кытайда жарганаттардан жаңы коронавирус табылды. Бул тууралуу ТАСС South China Morning гезитине таянып жазды.
Маалыматка караганда, кытайлык вирусологдор тапкан жаңы коронавирус COVID-19'дай эле адамга да жугат.
Жарганаттан табылган вирус Гуанчжоудогу лабораторияда изилденген. Вируска HKU5-CoV-2 деген ат берилди.
Ошол эле маалда вирусологдор кооптонууга негиз жок экендигин, дагы да дыкат изилдөө жүргүзүү талап кылынарын айтышууда.
Булак: Кабар