Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1139

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузууга шектелүүдө

Алдын ала маалымат боюнча, Американын укук коргоо органдары тарабынан Пуэрто-Рикодо эки кыргызстандык кармалган.

ТИМден билдиргендей, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузууга шектелүүдө. Алар учурда Флорида штатынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги тарабынан кыргызстандыктардын кармалышы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.