Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1196

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Сириянын жаңы президенти болуп Ахмед аш-Шараа жарыяланды.

Бул тууралуу “Настоящее время” басылмасы кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, Ахмед аш-Шараа (Абу Мухаммад аль-Джулани) - "Аль-Каиданын" мурдагы талаа командири, Хаят Тахрир аш-Шамдын (АКШда жана башка өлкөлөрдө террорист катары таанылган) лидери болгон.

Эске салсак, аталган топ өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында козголоңчуларды жетектеп, Дамаскты басып алган, андан кийин Башар Асаддын режими кулаган. Асад өзү Россияга качып, ал жактан үй-бүлөсү менен башпаанек алган.

Сириянын жаңы лидери буга чейин “өткөөл мезгилден” кийин туруктуу өкмөт шайлоо аркылуу түзүлүшү керек деп айткан. Бирок ал “өткөөл мезгил” канчага созулаарын тактаган жок.

Булак: Кабар