Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1007

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Америка президенти Дональд Трамп трансгендерлерди АКШ армиясынан чыгарып салды.

Президент куралдуу күчтөрдө трансгендерлердин кызмат өтөөсүнө тыюу салган буйрукка кол койду.

Азыр армияда трансгендер статусу бар 15 000дей адам кызмат өтөп жатат. Алар медициналык көрсөтмөлөр боюнча кызматтан четтетилип, жараксыз деп табылат.

Дагы бир буйруктун негизинде Дональд Трамп армиядагы тең укуктуулук жана инклюзия программаларын жокко чыгарды. Мындан тышкары, мурда трансгендер аялдарды эркектер үчүн каралган түрмөлөрдө кармоо боюнча көрсөтмө берген.

Булак: Назарньюс