Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 1391

Бишкек, "САЯСАТ.KG". Учак Россиянын куралы атылган деген божомол учактын сыныктары тартылган видео жарыялангандан кийин пайда болгон.

Казакстанда кулаган «Azerbaijan Airlines» компаниясынын учагы Россиянын абадан коргонуу системасы тарабынан атылган, деп билдирди «Reuters» маалымат каражатына иликтөөнүн жүрүшү менен тааныш болгон Азербайжандагы төрт булак. Бир булактын айтымында, алдын ала маалымат боюнча, учак "Панцирь-С" комплекси менен атылган, ал эми байланышка радиоэлектрондук каражат менен тоскоолдук жаратылган.

"Муну атайын жасалды деп эч ким айтпай эле. Бирок фактыларды эске алуу менен Баку Россиянын учакты атканын мойнуна алуусун күтөт", - деди ал. Буга чейин «Azerbaijan Airlines» компаниясынын учагынын кыйрашынын себеби орусиялык ракета болгондугун «Euronews» Азербайжан өкмөтүндөгү булактарга шилтеме берүү менен кабарлаган.

Маалымат каражаттын булактарынын айтымында, ракета Грозный үстүндө учкучсуз учуучу аппараттардын активдүүлүгү жаралганда атылган. Ракета учактын жанында жарылган. Андан кийин учакка Россиянын аэропортторуна конууга уруксат берилген эмес, ал Каспий деңизи аркылуу Актауга багыт алууга көрсөтмө алган.

Азербайжандын «Caliber.Az» маалымат каражаты дагы ишенимдүү өкмөттүк булактарга таянып, учак Грозныйга жакындап келе жатканда «Панцирь-С» куралы менен аткылангандыгын кабарлаган. Бакудан Грозныйга карай учуп бараткан «Azerbaijan Airlines» компаниясынын учагы 25-декабрда Актау шаарынын жанында кыйраган. Бортто экипаждын беш мүчөсүн кошкондо 67 киши болгон. Авиакатастрофанын кесепетинен 38 киши каза болгон.

29 киши аман калган. Учак Россиянын куралы атылган деген божомол учактын сыныктары тартылган видео жарыялангандан кийин пайда болгон. Анда зениттик ракетанын соккусунан калган издер байкалган. Кремль учактын кыйрашынын себептери боюнча "гипотезаларды куруудан" баш тарткан. Казакстандын бийлиги учактын кыйрашы боюнча расмий версия жок экенин жана иликтөө уланып жатканда кайсы бир версияны ырастоого же четке кагууга мүмкүн эместигин билдирген.

Булак: Баракелде