Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 2243

Россиянын президенти Владимир Путин Казандагы саммитте символикалык "БРИКС купюрасы" менен таанышты.

Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Саммиттин кеңейтилген курамдагы жыйынынан кийин Путин купюраны министрлерге көрсөтүп, андан соң Борбордук банктын төрайымы Эльвира Набиуллинага берди.

Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков купюра БРИКСтин алкагында аткарылып жаткан иштерди символдоштуруп турарын журналисттерге айтты.

Песков Наибуллинага банкнота жакпагандыгын кошумчалады.