Алар 11 айдан бери палестикалык радикалдар Газа секторунда барымтада кармап турган туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылышууда.
Массалык нааразылык акциялары дээрлик өлкө боюнча өтүүдө. Митингчилер барымтадагылардын өлүмүнүн жоопкерчилигин Израилдин өкмөтүнө жүктөп жатышат. Алтынчы күн сайын өтүп жаткан акция Тель-Авивдин борборундагы өкмөттүк имараттардын алдында, Коргоо министрлигинин штабы жайгашкан жерде болууда. Күч түзүмдөрү башаламандыкты алдын алып жолдорду тосуп койду.
Массалык демонстрациялар Израилде Газада алты туткун өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат тарагандан кийин башталган.
Каир менен Дохада бир нече жумадан бери Газа боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат, анткен менен тараптар кандай жыйынтыкка келип, эмне болгону белгисиз.
Булак: Sputnik-Kyrgyzstan