Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 794

Бишкек, "Саясат.kg". Варшавада өзбекстандык жигит бычак менен эки өспүрүмгө кол салды.

Wyborcza билдиргендей, окуя 22-июлда Бродно паркында болгон. Маалыматка караганда, 26 жаштагы шектүү кол салуу учурунда 15 жаштагы эки украиналык өспүрүмдү жарадар кылган.

Эки өспүрүм колу менен ичинен жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу басылмага билдирген аймактык тескөөчү учурда өспүрүмдөрдүн абалы тууралуу маалыматы жок экенин кошумчалады.

Укук коргоо кызматкерлери кол салган адамды кармашты. Окуянын чоо-жайы жана кол салуунун себептери такталууда.