Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 315

Бишкек, "Саясат.kg". 23-мартта терактка шектүү катары Тажикстандын төрт жараны кармалган.  

Тажикстандык үч мигрантка Орусиянын аймагына өмүр бою кирүүгө тыюу салынды. Алар Орусияга Казакстан менен чек арадагы "Караузек" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу кирүүгө аракет кылышкан.

Тажик мигранттары "Озоди" радиосунун кабарчылары менен анонимдүү түрдө байланышып, 2-майда аталган бекеттеги чек арачылар эч нерсе түшүндүрбөстөн эле паспортторуна Орусиянын аймагына өмүр бою кирүүгө тыюу салган штамп басышканын билдиришти.

Анын айтымында, алар Орусияда жүрүү мөөнөтүн мыйзамдаштыруу үчүн өлкөдөн чыгып, кайра кирүүгө аракет кылышкан.

Москванын четинде жайгашкан "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракттан кийин Орусиянын шаарларында мигранттарды текшерүү күчөдү.  

23-мартта терактка шектүү катары Тажикстандын төрт жараны кармалган.  

Түрдүү маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Орусияда 1 миллионго жакын тажикстандык мигрант жашап жана иштеп жүрөт.