Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 374

Бишкек, "Саясат.kg". Мурдараак жарыш сөз учурунда прокурор укук коргоочуну бир жарым жыл жатак абакка кесүүнү өтүнгөн.

Обнинск шаарынын судьясы 72 жаштагы укук коргоочу, "Адам укуктары үчүн" кыймылынын лидери Татьяна Котлярга чет элдиктерди мыйзамсыз каттоого тургузуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 450 миң рубль айып пул салды. Бул тууралуу Sota басылмасы кабарлады.

Сот айып пулдан тышкары Котлярга батирине жаңы адамдарды каттоого тыюу салды. Ал Sota басылмасына берген комментарийинде прокуратура апелляциялык арызында азыркы жазаны катаалдатууга аракет кылат деп кооптонуп жатканын айтты.

Мурдараак жарыш сөз учурунда прокурор укук коргоочуну бир жарым жыл жатак абакка кесүүнү өтүнгөн.

Котляр – "Адам укуктары үчүн" кыймылынын Калугадагы бөлүмүнүн лидери. Ал каттоого тура албаган адамдарды такай өзүнүн батирлерине каттап келгени менен белгилүү.

"Адамдарга жардам берүү үчүн аларды үйүмө каттатып турам. Каттоосу жок Орусия жарандары да укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарга туш болушат. Бул үчүн мени соттоп жатышат. Маселен, мага ВИЧ менен ооруган селсаяк кайрылган. Ал эски паспортун жоготуп алган, каттоосу жок болгондуктан жаңысын беришкен эмес. Ансыз ал терапия үчүн дары сатып ала албайт", - деди Котляр.