Бишкек, "Саясат.kg". Маалыматка караганда, ал пара талап кылган деп шектелүүдө.
Ферганалык блогер Гули (Гүлноз) Мирзаева 24-февралда Кашкадарыя облусунда кармалганы белгилүү болду. Маалыматка караганда, ал пара талап кылган деп шектелүүдө.
Мубарек райондук акимчилигинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлүнүн айтымында, Мирзаева "Мубарек газ иштетүүчү заводдун жетекчилигин сындабайм деп акча талап кылган".
Гули Мирзаева социалдык түйүндөрдө президент Шавкат Мирзиёевди жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн, айрыкча улуу кызы Саида Мирзиёеваны сындап келген.
Блогер Өзбекстан лидеринин үй-бүлөсүн "өтө кымбат үйлөрдү курууга, коррупцияга жана тууганчылыкка" айыптаган.
Акыркы бир жылда Өзбекстанда ондон ашуун блоггер жана интернет-активисттер "Опузалап акча талап кылуу" жана "Президентке акаарат келтирүү" беренелери боюнча айыпталып, узак мөөнөттөргө кесилген.
Алардын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү көйгөйлөр үчүн өкмөттү, президент Шавкат Мирзиёевди күнөөлөп, президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн чоң кызматтарда иштегенин сынга алып келишкен.