Бишкек, "Саясат.kg". Божомолдор боюнча, маалыматтарды кибер коопсуздук тармагында кызмат көрсөткөн кытайлык I-Soon компаниясы жыйнаган.
Киберчабуулдарды талдоо жана иликтөө борбору (ЦАРКА) 16-февралда GitHub платформасында жарыяланган казакстандыктардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышын "системасыз иш-аракеттердин натыйжасы жана ведомстволук кызыкчылыктын мамлекеттик кызыкчылыктан жогору тургандыгы" деп эсептейт.
Бир күн мурун социалдык тармактарда GitHub платформасында колдонуучулардын маалыматтарды жарыяланып кеткени жөнүндө кабар чыккан. Божомолдор боюнча, маалыматтарды кибер коопсуздук тармагында кызмат көрсөткөн кытайлык I-Soon компаниясы жыйнаган. Анда Beeline, Tele-2 жана “Казактелекомдун” абоненттик базаларынын маалыматтары бар экени айтылган.
Борбордун маалыматы боюнча, кытайлык хакерлер зыяндуу программаларды: Windows, Mac, iOS жана Android үчүн трояндарды, DDoS кызматтарын, Wi-Fi буза турган жабуударды колдонушкан.
Кеминде эле бир хакердик топ эки жылдан ашуун казак байланыш операторлорунун маанилүү инфраструктурасына толук кирип турган. Хакерлер оператордун журналдарын, чалуу узактыгын, аппараттардын IMEI'лерин жана чалуулардын эсеп-кысаптарын көзөмөлдөп турушкан. Маалыматта Бирдиктүү пенсиялык фонд, Air Astana авиакомпаниясы, Коргоо министрлигинин почта сервери жөнүндө да сөз болот.
ЦАРКА хакердик топтун курмандыктарын текшерип, "максаттуу чабуулдар бир катар укук коргоо органдарынын кызматкерлерине да жасалганын" аныктады. Алардын арасында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери да бар.
Мурдараак Казакстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги казакстандыктардын жеке маалыматтарынын ачыкка чыгышы боюнча текшерүү башталганын жарыялаган. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда материалдар анализденүүдө. Жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы боюнча тиешелүү уюмдарда жеке маалыматтарды коргоо, ошондой эле маалыматтык коопсуздук боюнча мыйзам талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында пландан тышкаркы текшерүүлөр жүргүзүлөт.ф