Бишкек, "Саясат.kg". Алексей Навальный 2022-жылы 9 жылга соттолгон болчу.
16-февралда орус оппозиционери Алексей Навальный каза болгону белгилүү болду. Ал Ямало-Ненецк автономдук округундагы түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. Маалыматтарга караганда, ал эсинен танып жыгылып, Тез жардам кызматы чакырылган. Дарыгерлер биринчи медициналык жардам көрсөткөнүнө карабай оппозиционерди сактап кала алышкан эмес.
Алексей Навальный 2022-жылы 9 жылга соттолгон болчу.
Россиянын Мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин Навальныйдын өлүмүнө Вашингтон менен Брюсселди күнөөлөдү.
"Өлүмдүн себебин судмедэкспертиза жана тергөө аныктайт.
Бирок жыйынтыкты күтпөстөн эле саясатчылардын жана дос эмес мамиледеги мамлекеттердин билдирүүлөрү жана айыптоолору көчүрмө сыяктуу угула баштаганда, алгач бир суроого жооп издеш керек: бүгүнкү күндө Навальныйдын өлүмү кимге керек?
Айкын болуп турат:
- Россияга карата 19 миңден ашуун санкцияларды киргизип, өлкөнүн экономикасын талкалоону максат кылгандарга;
- Украинадагы согушта жеңилип жаткандарга;
- өзүнүн элинин колдоосуна ээ боло албагандарга жана шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, бирок ошол эле маалда бийлигин кандай жол менен болбосун кармап калууну каалагандарга;
- биздин өлкөнүн алтын ресурстарын басып алууга умтулгандарга;
- Россияны жок кылууну каалап, анын өнүгүшүн токтотуу үчүн бардык нерсеге баргандарга.
Алардын баарынын аты-жөнү жакшы белгилүү: НАТОнун башкы катчысы жана АКШнын жетекчилигинен тарта Шольц, Сунак жана Зеленскийге чейин - Нвальныйдын өлүмүнүн күнөөкөрлөрү. Көп сандаган ишке ашпаган чечимдерди кабыл алган жана бийлигине жабышкан так ошолорго анын өлүмү керек", - деп жазды Володин Телеграм-каналына.