Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 94

Бишкек, "Саясат.kg". Тиешелүү протоколду Казакстандын мажилиси бир күн мурун ратификациялады.

Өзбекстан менен Казакстан  жарандарынын өз ара каттоосуз жүрүү мөөнөтүн беш күндөн 30 күнгө чейин узартты.

Тиешелүү протоколду Казакстандын мажилиси бир күн мурун ратификациялады.

Документке ылайык, Казакстан менен Өзбекстандын жарандары эки өлкө аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Макулдашууга эки өлкөнүн лидерлеринин 2022-жылдын декабрь айында болгон жолугушуусунда жетишилген. Өзбекстан келишимди 2023-жылдын апрелинде ратификациялаган.

Документ эки өлкө жарандарына бирдей шартта 30 күн убактылуу каттоосуз жүрүү укугун берет. Бул мөөнөт өткөндөн кийин алар убактылуу жашоого уруксат алышы керек.

Мурдараак Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы миграция маселеси жөнөкөйлөштүрүлгөн. 2023-жылдын сентябрынан тарта эки өлкөнүн жарандарына чек арадан ID-карта аркылуу өтүүгө уруксат берилген.