Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 205

Бишкек, "Саясат.kg". Эми мыйзам долбоорун Федерациялар кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек.

Мамлекеттик Дума бир катар беренелер боюнча соттолгондордун мүлкүн конфискациялоо тууралуу мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

Документте "Орус армиясы тууралуу фейк таратуу", "Аскерден качуу" (дезертирлик), "Аскердик буйрукту аткаруудан баш тартуу" жана "Ылайыксыз уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелер менен соттолгондор мүлкүнөн тышкары ардактуу наамдарынан да ажыратылары жазылган. Бул беренелердин көбү Кылмыш кодексине Орусия Украинага кол салгандан кийин кошулган же катаалдаштырылган.

Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, кабыл алынган чечим "өз өлкөсүнө каршы иш алып барып жаткандарды жазалап, ардактуу наамдарынан, мүлктөрүнөн, каражатынан жана башка баалуулуктарынан ажыратууга мүмкүндүк берет".

Эми мыйзам долбоорун Федерациялар кеңеши бекитип, президент кол коюшу керек.

Орусиянын соттору Украинадагы согуш тууралуу Коргоо министрлигинин расмий версиясына туура келбеген маалыматтардын баарын фейк деп эсептеп, мындай маалымат тараткандарды эркиндигинен ажыратып келет.

"ОВД-Инфонун" маалыматына ылайык, Орусияда согушка каршы позициясы үчүн 830 кишиге кылмыш иши козголгон. Алардын бери дегенде эле 250сүнө "Орус армиясы тууралуу фейк таратуу" беренеси менен айыптар тагылган.