Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 449

Бишкек, "Саясат.kg". Бул максаттар үчүн бөлүнгөн каражат сарпталып, объектилерди кабыл алуу актысына кол коюлган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сейсмикалык коопсуздук маселеси боюнча Алматыда өткөн жыйында шаардын жарандык коргонуу системасы жер титирөөгө даяр эмес болуп чыкканын билдирди. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Казакстанда 2021-жылы өлкөдөгү сейсмикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштердин натыйжалуулугун арттырууга багытталган чаралар топтому бекитилген. Анда башка чаралар менен катар 2023-жылга чейин Алматыда катуу жер титирөөлөрдү алдын ала эскертүүчү автоматташтырылган системаны ишке киргизүү чарасы да каралган.

"Адаттагыдай эле отчёттордо бул иштин аткарылганы жазылган. Бул максаттар үчүн бөлүнгөн каражат сарпталып, объектилерди кабыл алуу актысына кол коюлган. Башкы прокуратурага Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги менен биргеликте бул маселени карап чыгып, каражаттын кайда жумшалганын, эмне үчүн алдын ала эскертүү системасы иштебей калганын аныктоо үчүн бир ай убакыт берем", – деди Токаев.

Президент 2024-2028-жылдарга сейсмология тармагын өнүктүрүүнүн комплекстүү планын даярдап жаткан өкмөткө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жолдорун кайра карап чыгууну тапшырды.

Токаев мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар министри Сырым Шарипхановго кайрылып, азырынча анын ишинин жыйынтыгы көрүнбөй жатканын билдирди.

"Бул ишти канааттандыраарлык деп айтууга таптакыр болбойт. Министр Шарипхановго кайрылам. Эгер өз ишиңизди алгылыктуу деп эсептебесеңиз мага кабарлаңыз, бул жерде уяттуу эч нерсе жок. Илимий-окутуучулук ишке кайтып келели. Азыр министрликтин ишмердүүлүгүндө жана жалпысынан өзгөчө кырдаалдар учурунда келип чыга турган көйгөйлөрдү чечүүдө практикалык мамиле керек. Кырдаал өтө оор жана жоопкерчиликтүү, ал өлкөбүздүн коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет", – деди Токаев.

23-январга караган түнү Алматынын тургундары Кытайдын аймагында катталган жер титирөөнү сезишкен. Тургундардын көбү үйлөрүнөн качып чыгып, көчөдө же унааларында отурууга аргасыз болушкан. Алардын көбү жылуу кийимдерин ала чыгууга үлгүрбөй калышкан. Шаардын айрым аймактарында жол тыгындары болгону кабарланган.

Жер титирөөдөн кийин Алматыда дээрлик 70 киши медициналык жардам сурап ооруканаларга кайрылган.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайда бир нече жолу жер силкинип, алардын эң кубаттуусунун магнитудалык күчү 7 баллга жеткен.

Казакстанда термелүүнүн күчү Алматыда 5, Чымкентте 4 баллга жеткенин Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Ошондой эле жер титирөө Астана шаарында, Алматы облусунда, Чыгыш-Казакстан, Жетису, Жамбыл, Караганды облустарында да сезилген.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий маалыматына караганда, 23-январда түнкү саат 00:09да Кытайдын аймагында очогунда күчү 8 магнитудасына жеткен жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында жана Бишкек шаарында 4 балл болуп сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.