Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 161

Бишкек, "Саясат.kg". Ага 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Туризм жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышары күтүлүүдө.

Алар ат чабыш, күрөш, жаа атуу сыяктуу спорттун негизги 20 түрү жана 10 көрсөтмө түрү боюнча ат салышат.

Астананын так ортосунда жайгашкан “Көчмөндөр ааламы” этно-айылы казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле оюнга катышкан өлкөлөрдүн маданияты менен таанышуу аянтчасына айланат. Этно-айыл күнүнө 30 миңдей конок батыра алат.

Иш-чара “Улуу талаа дүбүртү” деген ураан алдында өтөт.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.