Бишкек, "Саясат.kg". Алар муну максаттуу чабуул деп эсептешет.
Казакстанда киберчабуулдарга туш болгон журналисттер коопсуздук органдарына арыз менен кайрылышты. Жамааттык арызга Inbusiness.kz, Kursiv.Media, Protenge.kz, Shishkin_like, AIRAN жана "Обожаю" долбоорунун журналисттери кол койгон.
Башкы редакторлор, журналисттер Маалымат жана санариптештирүү министрлиги менен эл аралык уюмдарга да кайрылышты.
Саясий жараяндар тууралуу сөз кылган, Январь окуясын чагылдырган блогерлер жана медиа долбоорлор буга чейин социалдык тармактардагы баракчалары киберчабуулдарга кабылып жатканын билдиришкен. Алар муну максаттуу чабуул деп эсептешет.
Өткөн аптада “Обожаю” долбоорунун автору, журналист Асхат Ниязов WhatsApp мессенжериндеги өзүнүн, жубайынын, ата-энесинин жана кесиптештеринин аккаунттары жабылганын айтып чыккан. Бюджеттик чыгымдарды, тендерлерди уюштурууну жана мамлекеттик сатып алууларды талдаган ProTenge долбоору да Инстаграм баракчасына чабуул жасалганын кабарлаган. Буга чейин КазТАГ маалымат агенттигинин редакциясы да киберчабуулга кабылганын билдирген.
Басма сөздү коргогон "Адил сөз" уюму журналисттерге жана медиа редакцияларга каршы киберчабуулдар көбөйгөнүн билдирип, бул "сөз эркиндигине, көз карандысыз журналистикага жана маалымат коопсуздугуна олуттуу коркунуч" экенин белгиледи.
2023-жылы ЖМКлар менен журналисттерге 42 жолу киберчабуул жасалган.