Печать
Категория: Дγйнө жүзүндө
Просмотров: 124

Бишкек, "Саясат.kg". Адвокат Бахруз Байрамов соттун бул чечими боюнча апелляциялык арыз жазарын билдирди.

Бакунун Хатаи райондук соту көз карандысыз Abzas Media басылмасынын журналисти Эльнара Гасымованы эки жарым айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ал валюта аткезчилигине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Turan агенттиги кабарлагандай, сотто Гасымова күнөөсүн мойнуна алган жок. Журналисттин айтымында, анын камакка алынышы Abzas Media'дагы кесиптештери кармалгандан кийин да журналисттик ишин улантканына байланыштуу.

Адвокат Бахруз Байрамов соттун бул чечими боюнча апелляциялык арыз жазарын билдирди.

Эльнара Гасымаова 13-январда кармалган. Алгач ал Баку шаардык полиция башкармалыгына маектешүүгө чакырылган. Кийин адвокаты ал кармалганын билдирген.

Буга чейин уюшкан топтун курамында валюта аткезчилиги менен алектенүү иши боюнча Abzas Media'нын беш кызматкери камакка алынган: басылманын директору Ульви Гасанлы, орун басары Магомед Кекалов, башкы редактору Севиж Вагифгызы, кабарчысы Наргиз Абсаламова жана басылма менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хафиз Бабалы.

2023-жылы ноябрдын аягында Abzas Media'нын кеңсесинде түнтүү жүргүзүлүп, полиция 40 миң евро табылганын билдирген. Мунун негизинде долбоордун жетекчилерине "Валюта аткезчилиги" беренеси менен кылмыш иштери козголуп, баары тең төрт айга тергөө абагына камалган.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Европа кеңешине кайрылып, Азербайжанга "милдеттенмелери бар экенин эскертип, андан бардык журналисттерди бошотууну талап кылууга" чакырган. "Бул Азербайжанда аз гана калган көз карандысыз ЖМКлардын журналисттерине карата куугунтук", – деп жазылган уюмдун кайрылуусунда.

Amnesty International укук коргоо уюму бул камоолорду "көз карандысыз ЖМКларга каршы репрессия" деп атаган.