Бишкек, "Саясат.kg". Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн боордош өлкөлөр жана алардын куралдуу күчтөрү менен достук мамилени сактап калуу өтөт маанилүү.
Казакстан быйыл беш өлкөнүн катышуусунда ири аскердик машыгуу өткөрүүгө даярдык көрүп жатат. Бул тууралуу 15-январда өлкөнүн коргоо министри Руслан Жаксылыков билдирди.
"Бизге Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн боордош өлкөлөр жана алардын куралдуу күчтөрү менен достук мамилени сактап калуу өтөт маанилүү", – деди Жаксылыков.
Анын айтымында, Казакстандын аймагында өтө турган "Бірлестік" деп аталган машыгууга Азербайжандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын күчтөрү, ошондой эле Казакстандын "Батыш" аймактык командачылыгынын атайын операциялык күчтөрү, деңиз жана аба күчтөрү катышат.